Мамлекетке карызы барларга аэропорттон эле төлөп чет өлкөгө кетүүгө шарт түзүлөт

Сот департаменти автоматташтырылган программа иштеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Мамлекетке болгон карызы үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жарандарга аэропорттон эле терминал аркылуу төлөп кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул туурасында Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда автоматташтырылган программа түзүлүп бүттү.
"500, 1000, 2000 сом болобу, аэропорттон эле терминал аркылуу төлөй ала тургандай болот. 10-20 мүнөттүн аралыгында маселе чечилет. Учурда Жарандардын чет өлкөгө чыгышына чектөө сот аткаруучунун токтому менен коюлат, тыюуну алуу үчүн да сот аткаруучунун токтому керек. Ошол азыр автоматтык түрдө чечиле турган болуп жатат. Программаны иштеп чыктык, баары даяр", — деди Сатыев.
Ошондой эле ал программаны ишке киргизүү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин белгилеп, ал долбоорду 10 күндүн ичинде Жогорку Кеңешке алып келүүнү убадалады.
Өлкөдө айып пул төлөбөй жүргөн жарандардын карызы 12,8 млрд. сомго жетти