БИШКЕК, 25-май — Sputnik. ФСБ Украинанын атайын кызматынын Жеңиш күнү, 9-майда, Ленинград жана Калинин ГЭСтерине террордук чабуул жасоо пландарын үзгүлтүккө учуратканын аталган ведомстводон билдиришти.
ФСБдан каршылаш тараптын Тышкы чалгын кызматынын диверсиялык-террордук тобу атомдук электр станциялардын жогорку чыңалуудагы электр кубатын өткөрүүчү линиясынын 30 түркүгүн жардырууга аракет кылганын айтышты.
Украинанын атайын кызматы өзөктүк реакторлорду токтотуп жана АЭСтин штаттык режимдеги иш ыргагын бузууга ниеттенген. Алардын оюнда муну менен Россиянын "беделин түшүрүп жана экономикалык олуттуу зыян келтиришмек".
"Террорчулар Ленинград АЭСинин электр линиясынын бир түркүгүн жардырып, төртөөнү миналаганга жетишкен. Андан кийин Калинин атомдук электр станциясынын жети түркүгүнүн алдына колго жасалган жардыргыч заттарды коюп кетишкен", — деп кошумчалашты ведомстводон.
Маалыматта украиналык диверсанттар кармалганы айтылган.
"ФСБ атайын иш-чаралардын жыйынтыгы менен украин жараны, 1978-жылы туулган Александр Майструк (каймана аты - Механик ) жана 1974-жылы туулган Эдуард Усатенко (каймана аты - Макс) аттуу адамдарды кармап, Россия менен Украинанын жараны, 1963-жылы туулган Юрий Кищакка (каймана аты - ЮБК) издөө жарыяланган. Соңку маалыматтарда анын Бельгияда жүргөнү маалым болду", — деп айтылган билдирүүдө.
ФСБнын маалыматына таянсак, аларды былтыр сентябрда Украинанын Тышкы чалгын кызматынын подполковниги Виталий Горбатюк азгырган.
Диверсанттар Украинанын Киев, Николаевск облустарындагы лагерде атайын окуудан өткөн. Жардыруу иштерин жасаш үчүн каражаттарды Украинанын аймагынан Польша аркылуу Беларуска келип, андан соң Россияга мыйзамсыз алып киришкени айтылды.
ФСБ, мындан сырткары, аларга жардамдашкан россиялык эки кишини кармаган. Алар тергөөдө украиналык чалгын кызматы менен иштешкенин айтып беришкен. Диверсия кылуу үчүн жардыруучу заттар Польша, Литва жана Беларусь аркылуу Тверь облусунун Ржев аймагына контрабанда менен келип турган.
Керектүү каражаттарды жүк ташуучу автоунаанын чиркегичине жашыруун жай жасап, катып алып киришкен.
Россиянын атайын кызматы диверсанттар жасаган жашыруун жайдан "С-4" түрүндөгү жардыруучу заттын 36,5 килограммын, чет өлкөлүк өндүрүштөн чыккан 61 электродетонатор, электрондук 38 таймер жана эки тапанча алышкан.
Диверсиялык-террордук топко кылмыш иши козголуп, согушкерлер камакка алынган.
Ленинград АЭСи Сосновый Бор (Ленинград облусу) шаарына жакын жайгашкан. Россиядагы ири атомдук электр станциялардын бири. Калинин АЭСи Удомля шаарында жайгашкан.