БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда Салык кызматында иштеген адамга пара берүүгө аракет кылып жаткан чет элдик К.А. атуу аял кармалды. Бул туурасында УКМК билдирип, видеосун таратты.
"Мамлекеттик салык кызматында иштеген кишиге ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды. Ал кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында 150 миң сом пара сунуштаган", — деп айтылган маалыматта.
Кармалган аял УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.