БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын мектептери бүтүрүүчүлөрдү уясынан учуруп, бүгүн акыркы коңгуроонун үнү жаңырды.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров №100 билим уясындагы салтанатка катышты.
Шаар башчысы балдарга кең келечек жана байсалдуу сапар каалады. Ал №100 мектеп президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарым жыл ичинде курулгандыгына токтолду. Быйыл дагы төрт мектеп жана 14 бала бакча салуу пландалып жатканын кошумчалады.
Борбор калаада 11-классты 8 111 окуучу аяктап жатат. Алардын 55и өзгөчө үлгүдөгү аттестаттын ээси.