Бишкектин чыгыш тарабында 30-май күнү суу өчөт

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкектин чыгышында 30-май күнү эртең мененки саат 09:00дөн 20:00гө чейин суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күнү суу кампада оңдоо иштери аткарылат. Суу өчө турган аймактар:
Садовой көчөсү, Чүй проспектиси, Валиханов көчөсү жана темир жол линиясы менен чектеш аймактарда;
7-апрель, Ауэзов, Исакеев, Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда, Учкун кичи району менен конушунда.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.
Мамлекетке карызы барларга аэропорттон эле төлөп чет өлкөгө кетүүгө шарт түзүлөт