Депутат: инвестор Бишкекке чоң бейтапкана курам десе мэрия жер бербей жатат

Эл өкүлү Катардан инвестор тартып, ал 1 миллион доллар салмак болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Инвестор Ак-Бата конушуна бейтапкана курам десе Бишкек шаарынын мэриясы жер бөлүп бербей жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Катардан инвестор тартып, ал 1 миллион доллар салмак болгон.
"Мэрге киргенбиз, тапшырма берилген. Ортодогу чиновниктер бекер алып келип, бейтапкананы ичинин жабдып беребиз десе да жер маселесин чечпей жатпайбы. Акыркы жолу протоколдук тапшырма берем. Инвестор кетип калбасын. Жер даяр турат, кантип кол коюп бергенге жарабайт. Эмне инвестор ага пара берип анан чечиш керекпи?" — деди Атазов.
Ошондой эле ал Ак-Бата конушу бейтапканага муктаж болуп жатканын кошумчалады.
Инвестордон миллиондорду жана акцияларды талап кылган мамлекеттик ишкер кармалды