Радио

Өлкөдө абанын сапатын мониторингдөө үчүн 11 станция орнотулат

Кыргызгидрометтин атмосферанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгерим Жусупова абанын сапаты боюнча жарандарга маалымат ачык болушун камсыздоо максатталып жатканын белгиледи.
Sputnik
Абанын сапатын мониторингдөө үчүн өлкө боюнча 11 станция орнотуу максатталууда. Бул тууралуу Айгерим Жусупова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн Бишкекте жети стационардык пост жана бир автоматтык станция жайгашкан.
"2020-жылы борбор калаанын кайсы аймагы канчалык деңгээлде булганганын аныктоо үчүн 50 датчик орнотулган. Маалыматтар ачык булакта жайгаштырылып, аны ар бир жаран көрө алат. Анда карта түрүндө көрсөтүлүп, жашыл аймак — аба таза дегенди, сары — норма, ал эми кызыл — нормадан төмөн, кырмызы (фиолетовый) түс абанын булганганын түшүндүрөт. Бул датчиктер Кыргызстандарттан жыл сайын текшерүүдөн өтүп турат, тийиштүү документи бар. Ал эми көз карандысыз уюмдар коюп жаткан датчиктердин сапаты боюнча бир нерсе айтуу татаал. Мониторингдин сапатын мындан да жакшыртуу максатында Дүйнөлүк банктын жардамы менен өлкө боюнча 11 станция орнотуу максатталууда. Анын бешөө борбор калаада жайгашат", — деди Жусупова.
Ошондой эле ал соңку убакта Ош шаарында дагы абанын сапаты начарлай баштаганын кошумчалады.