26-майга карата аба ырайы

26-майда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жума күнү күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +13…18 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25…+27 жана Ош шаарында +27…+29 градус болот.
Бишкектин мектептеринде жаңырган акыркы коңгуроо. Сүрөттөр