Билим берүү министрлиги ЖРТны 10-класста тапшыртууну пландап жатат

Министр муну менен окуучунун, мугалимдин жана мектептин бедели аныкталарын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Билим берүү министри Каныбек Иманалиев Жалпы республикалык тестирлөөнү 11ди эмес, 10-классты бүтүп жатканда тапшыртууну пландап жатканын айтты .
"ЖРТ боюнча менин келчектеги позициям ушундай. Бул окуучунун, мугалимдин, мектептин, райондун, Кыргызстандын беделин аныктайт. Кайсы жерде информатика, физика күчтүү экенин билип алабыз. Экинчиден, 11-класстан бардык предметтер боюнча тапшырта бербей кесиптик багыт боюнча уруксат берсек. Медакадемияга барам десе өзүнө керектүү химия, физика, биологиядан тапшырат. Гуманитардык болсо кыргыз тили, тарыхтан тапшырат", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал келечекте ЖРТны экиге бөлсө азыркы көйгөйлөр актуалдуу болбой каларын белгиледи.
Быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын кантип билсе болот