Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы жогорулатылат

Министрдин айтымында, кээ бир райондордо окуучулардын 87 пайызы болбогон 110 баллды да тапшыра албай калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллы көтөрүлөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, мындай кадамга барбаса билимдин баркын көтөрүү мүмкүн эмес.
"Кээ бир райондордо окуучулардын 83 пайызы ошол таптакыр аз деген 110 баллды тапшыра албайт. Кээ бир региондордо 87 пайыз. Бул бүт окуучу "2ге" окуйт дегенди түшүндүрөт. Кыргыз тилин да жетишерлик деңгээлде билбей жатат. Биз алар сурагандай жеңилдик бере берсек болбойт. Баарын жогорку окуу жайда оку деп кыйнабайбыз, бирок мектеп программасын өздөштүрүшү керек", — деди министр.
Ошону менен бирге Иманалиев мектептин мугалимдери да кайра окутуудан өтүп жаткандыгын кошумчалады. Буга чейин жылына 14 миң педагог квалификациясын жогорулатып келсе, быйыл алардын саны 36 миңге жетет.
Билим берүү министрлиги ЖРТны 10-класста тапшыртууну пландап жатат