Радио

Россиялык компания жол куруунун жаңы технологиясын сунуштады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Абасбек Доромбаев эл аралык байланыштарды жакшыртып, эски жолдорду реновациялоого көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Россиялык компания Кыргызстанга жол куруунун жаңы технологиясын сунуштап, президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасына кат менен кайрылган. Бул тууралуу Абасбек Доромбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, арзан, сапаттуу жана тез убакытта жол куруу ыкмаларын колдонуп, бул тармактагы адистердин тажрыйбасын арттыруу керек.
"Жол — бул өлкө экономикасынын кан тамыры, унаа — андагы кан. Жол куруу аркылуу мамлекеттин өнүгүшүнө шарт түзөбүз. Тышкы карыздын көп бөлүгү да жол салууга жумшалды. Бүгүнкү күндө жол приоритеттүү багыттардын бири катары саналып, жаңы технологияларды колдонуу менен көп маселени чечүүгө болот. Алсак, жол куруу, реновация жаатында көп жылдан бери иш алып барган россиялык "Статус-Грунт" компаниясы жаңы технологияны сунуштап, президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасына кат менен кайрылган. Бул чыгашаны бир топ төмөндөтүп, узак мөөнөткө сапаттуу жол салуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Бүгүнкү күндө мындай ыкманы Россия, Казакстан, Өзбекстан ийгиликтүү колдонуп жатат", — деди Доромбаев.
Ошондой эле адис Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун каржы булактары кеңейтилип, жол инфраструктурасы жакшырышы керектигин кошумчалады.