Бүтүрүүчүлөргө машина бербегиле! ЖКККББ ата-энелерге кайрылды

Инспекторлор эртең күчөтүлгөн тартипте иштешет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) ата-энелерди 25-май күнү балдарына автоунаа бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Эртең Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылат. Инспекторлор күчөтүлгөн тартипте иштеп, кошумча посттор пайда болот.
Башкармалык 2018-жылдан бери так 25-май күнү 88 жол кырсыгы болгонун, анын кесепетинен адамдар каза тапканын эскертти. Бүтүрүүчүлөр автобейбаштык кылып кырсыктаган учурлар дагы бар.
Ведомство мындан ары рулга ичип алып отургандардын айдоочулук күбөлүгү алынарын да эскертти. Эгер документи жок болсо 15 миң сом айып салынып, автоунаа айып короого токтотулат. Автобейбаштык үчүн дагы 15 миң сом айып каралган.
Кыргызстанда жол инспекторлору бир жума бою рейд өткөрөт