"Жашыл Евразия" экологиялык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Иш-чарада сынакты мындан ары дайыма өткөрүү сунушу айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөн "Жашыл Евразия" экологиялык сынагынын жеңүүчүлөрү менен финалисттерине сыйлыктар тапшырылды.
Конкурс Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан уюштурулган.
ЕЭК төрагасы, РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук климаттык күн тартипке ЕАЭБдин бардык мамлекеттери киргенин белгиледи.
"Жашыл чөйрө — азыркы дүйнөдө өзгөчө орунда турган маселе. Биздин мамлекеттер углероддук нейтралдуулукка жетүү милдетин мойнуна алып жатат. Бул — экономиканын бардык тармагына тийиштүү комплекстүү процесс", — деди Оверчук.
Сыйлык тапшыруу учурунда "Экологиялык маданият жана калкты климаттык күн тартипке тартуу" номинациясы боюнча кыргызстандык SEICO коомдук бирикмеси экинчи орунду алганы белгилүү болду.
Sputnik "Жашыл Евразия" сынагынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.
Бишкек жашоого ыңгайлуу болбой калды. Себеби жана абалды оңдоо жолдору. Маек