БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Достук" көзөмөл өткөрүү пунктунан ири өлчөмдөгү товарларды аткезчилик жол менен алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Бекеттен Өзбекстандан келген эки жүк ташуучу автоунаа токтотулган.
"Товар зыгыр буласынан жасалган жип деп декларацияланган. Бирок текшерүү учурунда 3 059 таңгакка салынган 1 529 500 куту тамеки табылган. Болжолдуу эсеп боюнча товардын баасы 80 миллион сомдон ашат", — деп айтылат маалыматта.
УКМК жүктүн ээсин жана мыйзамсыз ишке тиешеси бар тараптарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.