Садыр Жапаров Москвага сапар алды. Коштоп кеткендер

Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтчү экономикалык иш-чарасы. Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Москва шаарына II Евразиялык экономикалык форумдун ишине, ЖЕЭКтин жыйынына катышуу үчүн Россияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Сапардын алкагында бүгүн Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө мамлекеттеринин башчылары менен бирге "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат. Эртең Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы төмөнкүдөй болду:
Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Гүлнара-Клара Самат – Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Аяз Баетов — юстиция министри;
Асеин Исаев — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Самат Кулмамбетов — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;
Назарбек Малаев — экономика жана коммерция министринин орун басары.
Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтчү экономикалык иш-чарасы. Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.
Москвада II Евразиялык экономикалык форум өтөт