Ысык-Көл, Нарын жана Баткен университеттеринде медициналык факультеттер ачылат

Жаңы ачылган факультеттер 1-сентябрдан тарта ишин баштап, 300гө чейин студент кабыл алары пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Быйыл региондордогу үч мамлекеттик университетте медициналык факультеттер ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда чет өлкөдөн келип медициналык факультетте окугандардын эсебинен университеттердин бюджети көбөйүп жатканын белгиледи.
"Бирөө Нарын мамлекеттик университетинде түзүлөт. Себеби Ак-Талаада эле 24 дарыгер жетишпейт, Бишкекке келип окуган медик кайра айылына барбайт экен. Кийинкилери Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде ачылат. Эки айдын ичинде клиникаларын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап 1-сентябрда 200-300 студентке чейин кабыл алышы керек. Ошолор эле университеттин бюджетин 30-60 миллион сомго көбөйтө алат", — деди Иманалиев.
Бүтүрүүчүлөргө машина бербегиле! ЖКККББ ата-энелерге кайрылды