Кыргыз-кытай биргелешкен сериал тартылат. Бюджети 38 миллион доллар

Кинону тартууну Кытай тарап демилгелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 40 бөлүктөн турган "Жибек Жолунун алыскы шамалы" аттуу киносериал тартылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта сериалды тартуу боюнча макулдашууга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. кинокомпаниясынын ортосундагы макулдашууга кол коюлганы айтылат.
"Бул долбоорду Кытай тарап демилгелеген. Сценарий боюнча ал 40 сериядан турат. Тасманы тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат. Фильмди тартуу иши Кыргызстанда жана Казакстанда, Өзбекстандын аймактарында жүргүзүлөт. Сериалдын бюджети 38 миллион долларды түзөт", — деп жазылат маалыматта.
40 сериялуу "Жибек Жолунун алыскы шамалы" телесериалы батыш аймактарын изилдөө жана батыштагы ар кандай уруулар менен дипломатиялык мамиле түзүү үчүн батышка кеткен Жибек Жолун биринчи басып өткөн Чжан Цяндын окуясына негизделген.
Долбоордун максаты – "Бир алкак, бир жол" демилгесине катышкан мамлекеттердин ортосундагы эл аралык маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү.
Радио
Адыранов: тасмадагы түстөр адамдын аң-сезимине билинбей таасир этет