"География түндөрү — 2023" эл аралык акциясына катталуу башталды. Шарттары

Иш-чара калктын географияга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкектеги "Русский дом" эл аралык "География түндөрү — 2023" акциясына катталуу башталганын билдирди.
Жыл сайын Россиянын географиялык коому тарабынан уюштурулуп келген акция быйыл 2-3-4-июнь күндөрү болот.
Иш-чаранын максаты – географиялык билимди жайылтуу жана калктын географияга болгон кызыгуусун арттыруу.
"Акция күндөрү дүйнөнүн ар кайсы шаарларында жана өлкөлөрүндө кино көрсөтүүлөр, көргөзмөлөр, чыгармачылык жолугушуулар, ачык сабактар жана экскурсиялар уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага катышуу үчүн сайтка 25-майга чейин катталуу зарыл. Ал эми толук маалыматты порталдан алууга болот.
Токмокто 27-май күнү “Кан басымыңды бил” акциясы өтөт