Евразиялык интеграциянын деңгээли өсүүдө. ЕАЭБдин негизги маселелери айтылды

Технологиялык көз карандысыздык ЕАЭБдин негизги маселелеринин бири экендиги белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында ЕАЭБдин негизги маселелери тууралуу айтты.
Россия лидери бүгүнкү күндө ЕАЭБдин ролу жогорулап, евразиялык интеграциянын деңгээли өсүп жатканын белгиледи.
“Ушул залда беш өлкөнүн жана башка мамлекеттердин расмий өкүлдөрүнүн, ишкерлердин, адистердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ушунчалык кеңири чөйрөдө отурушу бирикменин ролу жогорулап, өсүп, дүйнө тез өзгөрүп, евразиялык интеграция ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынан жана биздин уюм чет өлкөлөрдүн кызыгуусун арттырганынан кабар берет”, — деди Путин.
Ал ЕАЭБ алкагында бизнес-инвесторлордун демилгелери ар дайым колдоого алынарын кошумчалады.
“Мисалга Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын ишке киришин алайын. Ал биримдиктин жана башка мамлекеттердин рыногунда капиталдык салымдарды жигердүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Биз Улуттук өнүктүрүү институттарынын евразиялык консорциумун түзүү боюнча иш-аракеттерин колдойбуз”, — деди РФ президенти.
Путин технологиялык суверенитетти камсыз кылууну негизги маселелердин бири катары көрө турганын белгиледи. Ал экономикалык, демек, саясий да көз карандысыздыктын өзөгү экенин айтты. Ошондой эле биримдиктеги өлкөлөрдүн жогорку технологиялык продукцияны өндүрүү үчүн экономикалык, илимий, адистик жана өндүрүштүк дарамети жогору экени кошумчаланды.
Москвада Евразия экономикалык форуму башталды. Видео