ЕАЭБ өлкөлөрү өз ара академиялык тажрыйба алмашуу программасын түзө алат

Ар кыл мамлекеттин студенттери менен окутуучулары үчүн тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү өз ара тажрыйба алмашуу жаатында союздун алкагында европалык билим берүү программаларына окшош академиялык программаларды түзө алышат.
Бул туурасында Москвада өтүп жаткан II Евразиялык экономикалык форумда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин коллегия мүчөсү Артак Камалян билдирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин коллегия мүчөсү Артак Камалян
Анын айтымында, программанын максаты — илим-изилдөө боюнча кызматташтык программаларын өнүктүрүү жана технологиялык суверендүүлүккө өбөлгө түзүү.
"Билим берүү, илим, ар кыл ойлоп табуулар, илимий изилдөө тажрыйбалары жаатына келсек, өлкөлөр ортосунда кызматташуу жок. Бул биздин келишимдерди жөнгө салбайт жана мунсуз технологиялык суверенитетти түзүү мүмкүн эмес", — деген ал.
Камалян ЕЭКтин келишимине бир катар ыйгарым укуктарды кошууну айтты.
"Келишимге технология, илим жана билим жаатында кызматташуу жана ыйгарым укуктарды кошуу зарыл", – деген ал.
ЕАЭБде кооперациялык долбоорлорго миллиарддаган рубль бөлүү пландалууда