Депутаттар, демөөрчүлөр акча чогултуп Ак-Талаага 2 300 көчөт отургузушту

Демилгени ишке ашырууда эл өкүлдөрүнөн сырткары мөмө-жемиштердин көчөтүн өстүрүүгө адистешкен компания, жеке ишкерлер, жергиликтүү тургундар, чет жакта эмгектенген мекендештер колдоо көрсөтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары акча чогултуп Нарындын Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылына 2 300 көчөт отургузушту. Бул тууралуу эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков парламентте билдирди.
Бул демилгени ишке ашырууда эл өкүлдөрүнөн сырткары мөмө-жемиштердин көчөтүн өстүрүүгө адистешкен компания, жеке ишкерлер, жергиликтүү тургундар жана чет жакта эмгектенген мекендештер дагы колдоо көрсөтүшкөн.
Баш-аягы төрт гектар жерге 6000 чычырканак көчөтү отургузулган. Ал эми жергиликтүү бийлик тийиштүү жер бөлдүрүп, ал жакты кашаалап, суу чыгарып, жооптуу адамдарды дайындаган.

"Сиздер топтоп берген каражатка көчөт алдык. Винера Раимбачаева, Динара Ашимова үчөөбүздү делегат кылып жөнөттүңүздөр эле. Мурдагыдай отургузуп коюп, эмне болсо ошол болсун деп кетип калбай айланасын тосуп, суу тартып, кароол да дайындап келдик. Бул төраганын фондунан же башка бюджеттен эмес, ар бир депутаттын чөнтөгүнөн берилген акча. Мындай акцияны жыл сайын кылабыз деп ишенем", — деди Кадырбеков.

Белгилей кетсек, 17-мартта парламент "Жашыл Кыргызстан" экологиялык акциясын ѳткѳрүү жѳнүндѳ" токтом кабыл алган.
Демилгени Кадырбеков көтөрүп чыгып, бир адамды үч көчөт тигүүгө чакырган. Анын айтымында, акция жыл сайын 1-февралдан 30-апрелге чейин үч айлык мөөнөткө созулат. Максаты — өлкө шаарларынын, калктуу конуштарынын экологиялык абалын жакшыртуу, бакубатчылык деңгээлин жогорулатуу.
Нарында массалык түрдө бак отургузулду. Сүрөт