Депутат фейктерди "басып" билим берүү министрине жардам берип жатканын айтты

Токторбаев аткаминердин ишин интернет аркылуу көрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге соцтармактан колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.
Бүгүн парламентте мыйзам долбоору каралып жатканда эл өкүлү министрге кандай жардам берип жатканын айтып берди.
"Каныбек Капашевич, кандай, жумуштар жакшыбы? Жылыштар бар, интернеттен көрүп, сизге колдоо көрсөтүп, фейктерди басып жардамдашып жатабыз", — деди Токторбаев.
Андан соң ал Индия, Пакистан, Өзбекстан, Афганстандан келген студенттер орус тилинде окутулуп жатканын айтып, кыргыз тили көмүскөдө калып калганын белгиледи.
Ага жооп берген Иманалиев Индия, Пакистандан келгендерге англис тилинде билим берилерин билдирди. Ошол эле учурда кыргыз тилине урмат-сый менен мамиле кылышына көзөмөл жүргүзүүнү убадалады.
Кордобогулачы! Спикер Шакиев аты-жөнүн орусча жазып алган аткаминерлерди жемеледи