"Дрон учурбайлы". Баткен жана Согд облусунун башчылары жолукту

Жолугушууга эки тараптан чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилер жолукту.
Өкүлчүлүктүн маалымат кызматы жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провокациялык маалыматтарга жол бербөө маселелери сүйлөшүлгөнүн белгиледи.
"Чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды. Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү", — деп айтылган маалыматта.
Жолугушууга эки тараптан чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышканы маалымдалды.
Облус башчыларынын соңку жолугушуусу май айынын башында болгон.
Баткендеги кагылышта жабыркаган ишкерлердин 15 млн. сомдук кредити жоюлат