Кыргызстанда жол инспекторлору бир жума бою рейд өткөрөт

Рейд учурунда акыркы коңгуроого байланыштуу да текшерүүлөр жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Өлкө аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Аталган иш-чара 31-майга чейин өткөрүлөт.
Рейдде коомдук транспорт катышкан жол кырсыктарын алдын алуу, ылдамдыкты ашырып айдоого жол бербөө, техникалык абалын (үн чыгаруучу, жарык берүүчү каражаттарын, отургуч, тормоз, газ, кыймылдаткыч) текшерүү, жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда эмгек жана эс алуу талаптарынын аткарылуусун көзөмөлдөө каралган.
Ошондой эле коомдук транспорттордун айдоочулары эртең менен каттамга чыгууда сөзсүз наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы текшерилип, унааларынын атайын техникалык кароодон өткөн-өтпөгөнү текшерилет.
Андан сырткары, акыркы коңгуроо учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн эс алуу жайларына алып барбоо боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Беш күндө 320 ирет миграциялык мыйзам бузулуп, 1,5 млн. сом айып салынды