Ош шаарын көрктөндүрүү багытында беш чоң долбоор башталды. Эскиз

Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан берилген алты миллион доллар гранттын алкагында бөлүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор башталды

2 / 5

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт

3 / 5

Аталган долбоорлор бир жылдын ичинде ишке ашырылары белгиленди

4 / 5

Аталган курулуштар Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу тендерге берилген

5 / 5

Ал эми каражат Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк банк тарабынан берилген алты миллион доллар гранттын алкагында бөлүнөт.

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Аталган долбоорлор бир жылдын ичинде ишке ашырылары белгиленди.
Жасала турган иштер:
Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);
Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;
Алишер Навои паркынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу жайын куруу;
Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
Борбордук аянттагы фонтан.
Аталган курулуштар Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу тендерге берилген. Ал эми каражат Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк банк тарабынан берилген алты миллион доллар гранттын алкагында бөлүнөт.
Ош шаарында парктарды көрктөндүрүү күчөтүлүп, ландшафттык дизайны жакшырат