БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Россиянын борбор калаасында 24-25-май күндөрү Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына багышталган ЕЭФ — 2023 өтөт.
Форумдун алкагында жети тематикалык багытка бөлүнгөн 35 сессия болот: "Адам капиталы", "Технологиялар жана кооперациялар", "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү ЕАЭБ", "Евразиялык конъюгация", "ЕАЭБдин ички рыногу, бажы кызматташуусу, атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар", "Стратегиялык блок" жана ЕАЭБдин иштиктүү кеңешинин блогу.
Муну менен катар иш-чаранын алкагында ЕАЭБ, ШКУ, БРИКСтин кызматташуусун өнүктүрүү, ЕАЭБ — 2030+ стратегиясын талкуулоо каралган.
ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттеринин катышуусундагы пленардык жыйын форумдун негизги бөлүгү болмокчу.
Иш-чарага бийлик органдарынын, бизнес коомчулугунун, эл аралык уюмдар менен ЖМКлардын 2,5 миңден ашык өкүлү катышат.
ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн тышкары (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия) Кытай, Түштүк Африка, Өзбекстан, Никарагуа, Венесуэла, Индонезия мамлекеттеринен келген спикерлердин, БУУ, ДССУ жана Миграция боюна эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтчү экономикалык иш-чарасы. Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.
Sputnik ЕЭФ — 2023түн маалыматтык өнөктөшү.