БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык салуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, эгер бир үй-бүлө 40 койдон жана эчкиден, үч баш бодо малдан жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирилет. Мисалы, эгер коюнун саны 41 болуп калса бирөө үчүн эмес, 41ине тең салык төгөт. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө сунушталды.
Мал-жандыкка салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат. Ал эми белгиленген сандан ашпаган малы бар жарандар жайыттын акысын гана төлөйт.
"Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджетке түшөт", — деп жазылат маалыматтык негиздемесинде.
Жеңишбек Токторбаев былтыр да парламентте аталган демилгени көтөрүп, айылдагылар да шаардыктардан кем эмес шартта жашаарын айткан.
Автор Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, өлкөдө 6,2 миллион кой-эчки, 1,8 миллион бодо мал жана 533 миң жылкы бар экенин белгилеген. Бирок расмий эмес маалыматтарга караганда, алардын саны болжол менен 30 пайызга көп.