Лизингге асыл тукум мал алуу жеңилдеди. Айыл чарба адисинин маеги

Өлкөдө малды лизингге берүү демилгеси көтөрүлүп, алгачкы кадамдар жасалууда. Максат — асыл тукум чарбаларын көбөйтүү экенин айтышкан. Sputnik бул жаатта Айыл чарба министрлигинин мал чарба, ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаровго соболдорду узатты.
Sputnik
— Министрлик малды асылдандыруу саясатын колго алып, бир топ демилге көтөрүп чыккан. Бүгүнкү күнү кайсы этаптабыз, эмне иштер жасалып жатат?
— Мал чарбасын өнүктүрүү максатында бизде бир топ иштер жасалды. Алардын эң негизгилеринин бири — малды лизингге берүү программасы ишке кирип, жыл башынан бери асыл тукум алуу боюнча Айыл банкка 187 миң билдирүү түшүптүр. Анын 83ү фермерлерге Европадан алып келинип асыл тукум малды өстүрүүнү колго алды. Бул жыл башынан беркиси эле. Азыр да лизинг берилет. Фермерлер учурда да асыл тукум мал алууга аракет жасап жатышат. Шарттары тууралуу айтсак, мурда фермерлер 30 пайызын төлөп лизинг алып келсе, учурда аны 10 пайызга түшүрдүк. Ал эми бөлүп төлөө мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узарттык. Жеңилдик мөөнөтү бир жыл. Чет мамлекеттен же Кыргызстандагы асыл тукум чарбалардан алууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик.
Айыл чарба министрлигинин мал чарба, ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров
— Асыл тукум чарбаларын текшерүүдөн өткөрүп, шарты талапка жооп берер-бербеси текшерилди эле...
— 2022-жылдын 31-октябрындагы токтом менен 141 чарба "асыл тукум" статусуна ээ болгон. Мындан кийин жыл сайын бул макамдагы чарбаларга мониторинг жүргүзүлмөкчү. Анын жыйынтыгы менен чарба максаттуу иш алып барганы далилденсе, статусу калтырылат. Жергиликтүү "арашан" тукуму да приоритеттүү пародалардын катарына кошулду. Андан тышкары комиссиянын курамына ушул эле статус алган чарбалардын жетекчилери, ассоциациялар комиссиянын курамына киргенге мүмкүнчүлүк болот. Мурда завод статусун алууга 1000 баш кой талап кылынса, бүгүн 500 кой жетиштүү. Таза кандуу "орус таскактуу", англис асыл тукумунан 20-30 баш жылкысы бар фермерлерге статус берилет. Себеби экономикалык жактан таза кандуу жылкыны кармаш кыйын, ошол себептен фермерлерге жеңилдик болсун деп макам алууга ушул тартипти киргиздик. Бодо малдан "50 баштын 30у саан уй болсун" деген тартип менен статус алып жатышат.
— Эмнеге малдын асылдуулугун арттырууга аракет жасап жатабыз?
— Эт, сүт өндүрүүдө жайыттарыбыздын тартыштыгы бар. Биз бүгүн фермаларга лизингге жер беребиз, алар малга тоют даярдайт. Ири мүйүздүү мал көрсөткүчтөн ашып түштү. Негизги максатыбыз — элдин колундагы малды оңдоо. 141 мал чарбачылыгы жылына алынган төлдүн беш пайыздан көбүрөөгүн базар баасында сатышы керек. Мониторинг жүргүзүүдө ошого көбүрөөк басым жасайбыз. Мал — асыл тукуму, кандай тукумдан туулганы боюнча документи менен сатылат.
Жасалма уруктандыруу жаатында Өзбекстан менен иштешип, Ош облусунда суюк азот чыгаруучу завод курулду. Өзбекстандан атайын жогорку көрсөткүчтөгү букалардын уруктары алып келинип турат. Аны менен жасалма уруктандырабыз деген маалымат бар. Биздин Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 455 жасалма уруктандыруучу пункт ачылган, тилекке каршы, алардын 223ү гана иштеп жатат. Ошол себептен окууларды өткөрүп жатабыз. Анткени бир кезде суюк азот келбей калган учурда, фермерлердин көбү уруктандыруунун жол-жобосун унутуп калса керек. Муну жакшылап өздөштүрбөсө, уруктандыруудан өткөн күндө деле ал асыл тукум мал болбойт. Фермерлер да өздөрү кызыкдар болуп жатышат. Туула элек музоолорго кезекке турушат. Лизинг программасында да асыл тукум малдардын кымбаттап кетип жатканына карабастан суроо-талап жаралып алып жатканы элдин сапатка өтүп бара жатканынан кабар берет.
Тигүүчүлөргө ипотека менен үй берүү сунушу. Жеңил өнөр жайдын абалы тууралуу маек
— Сырттан алып келүү жагы кандай болууда?
— Сырттан алып келинүүчү асыл тукум мал, уруктар да кошумча нарк салыгынан бошотулган. Муну менен биз кызыкдар тарап катары фермерлерге жеңилдик бердик. Азыр малдын башы союз убагынан да ашып баратат. Бүгүнкү күнү зоотехник адистигинен алыстап кетишти. Ал адис асыл тукум чарбанын малын "мунуңуз элита, бул 1-класс, мунусу 2-класстагы элита. Мунуңузду алып калып беркини сатыңыз" деп баалап бериши керек. Учурда ушул адистиктерди ачуу курсун пландап жатабыз. Малдын документин толук толтурган, баасы жазылган фермалар асыл тукум чарба деп эсептелинет. Келечекте буларга дотация, субсидия берүү жагы да каралат. Быйыл лизинг программасына бир миллиард сом бөлүнгөн. Анын 500 миллиону айыл чарбасындагы асыл тукум малга, 500 миллиону айыл чарба техникасына жумшалат. Алууга кызыкдар фермерлер кайрыла алат. Элге маалымат жеткирүү иши бир аз кыйын болду.
— Тоют камдоо, кадр даярдоодо абал кандай болуп жатат?
— Жайыт маселесинде көйгөйлөр бар. Мал чарбачылыгында эң негизгиси — тоют. Азыр акырындык менен бара жатабыз. Жер кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыктык. Жайыт комитети коомдук уюм болгондуктан эскертүү бере албайбыз. Жайыттарды туура пайдалануу, эс алдыруу жаатын мамлекет көзөмөлгө алышы керек.
— Кайра иштетүү жаатында кандай иштер аткарылат? Ошол эле тери, жүн багыты кыймылдабай турат...
— Класстердик өнүктүрүүгө көбүрөөк басым жасалды. Себеби экспортко чыгууда өзүбүздүн товарлардан алынуучу кошумча бааны өстүрүү менен башка мамлекеттерге чыгарууда бир топ көйгөйлөрүбүз бар болчу. Ошолорду чечүү максатында мамлекеттик программалар ишке кирүүдө. Ар бир класстерге миллион, миллиарддаган акча каралган. Алардын бири — жүн тармагы. Азыр жылыш болуп жатат. Буга чейин өрттөп же таштандыга ыргытылчу. Гисар койлордон алынган кара кылчык жүнүбүздү жакынкы күндөрү кайра иштетүү планыбызда бар. Ассоциациялар аркылуу мамлекет колдоо көрсөтүп жатат. Жалпы Чүй облусунда фермерлер менен бул жаатта талкуу болуп өттү. Анда бир топ талаш-тартыштар айтылды. Кыргызстан — агрардык өлкө, малга жакынбыз. Ошол себептен жогорку окуу жайынын зоотехник, ветеринария өңдүү адистиктерге балдарды көп кабыл алууну сунуштайм.
Жалпы малдын туягын билгенибиз менен өлкөдө канча жылдан бери асыл тукум малдарга эсеп жүргөн эмес. Кайсы түрүнүн саны канча экенин эч ким билбейт. Ушул жагын колго алышыбыз керек.
— Учурда асыл тукум малдын баасы өтө эле кымбаттап кетти…
— Баасынын көтөрүлгөнү элдин кызыгуусунан улам болууда. Азыр жакшы кочкордун баасы 50 миң доллар болуп жатат. Короодо жакшы койлору болсо ошол бааны актап кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Муну фермерлер түшүнүп жатат. Андыктан баасына карабай алып бизнес жасайт. Ош облусунда асыл тукум малдын чарбасын түзүүнү каалаган 300 билдирүү келип түшүп, анын 10 пайызы гана өттү. Калгандары жарабай калды. Себеби документация толук эмес, селекция жок. Учурда ар бир малдын паспорту болушу керек. Ар фермага селекция иштерин жүргүзгөн зоотехник талап кылынат. Жакшы кочкорду алып барып, койго кошуунун да зоотехникалык талаптары бар. Биздикилер кочкорлорду койго аралаш кошуп жиберип, кайсы кочкордон кайсы козу туулганын билбей калдык. Аны тактап жазуу керек болчу. Туулган малдын "атасы бул, энеси бул" деп документине жазылып, кулагына бирка тагылышы керек. Мындайча айтканда, азыр биркасы жок мал — номери жок машинадай.
Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек