БИШКЕК, 23-май — Sputnik. G7 Кытайды коркунуч катары атап, ошол эле учурда эл аралык укуктук нормаларды бузуу менен дүйнөдөгү башкаларды аңкоо катары көрүп жана алдай албайт. Бул туурасында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Чоң жетиликтин" айрым мүчөлөрү Кытайды глобалдык коопсуздуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн эң чоң коркунучу деп атады. Бул эмне дегени?" — деп жазды дипломат.
Ошондой эле ал Кытай глобалдык экономиканын "номер биринчи кыймылдаткычы" болуп саналарын, G7 мүчөлөрүнүн баары бириксе да жетпей турган өсүп-өнүгүүлөрдү шарттап жатканын белгиледи. Ошондой эле 140тан ашуун өлкөнүн негизги соода өнөктөшү экенин, тынчтыкты колдоо боюнча БУУнун каржылык операцияларына жасаган салымы боюнча экинчи орунда турарын айтып өттү.
"Эгер Кытай коркунуч туудурса, анда G7 мүчөлөрүн эмне деп атасак болот? Алар эгемендүү мамлекеттерге согуштун отун тутандырып, мыйзамдуу өкмөттү бийликтен кулатып, көп тараптуу макулдашуулардан чыгып кетип жана башка өлкөлөрдү жетирүү чынжырчасын үзүүгө мажбурлап жатпайбы", — Хуа Чуньин.
Аны менен катар дипломат АКШ акыркы жылдары кайсы эл аралык макулдашуулардан чыгып кеткенин көрсөткөн инфографиканы жарыялады. Ал документтердин арасында Париж макулдашуусу, ЮНЕСКО, Орто жана жакынкы аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишим, Ачык асман боюнча макулдашуулар бар.