Кыргызстандыктарга Казакстандын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн 50 квота бөлүндү

Бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуулар каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга конкурстук тандоо жарыялады.
Коңшу өлкө бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча 50 орун бөлөт.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасы аркылуу катталып, керектүү документтерди 22-июнда саат 23:59га чейин жүктөшү керек.
Каттоо жана документтерди тапшыруу шарттары тууралуу кененирээк маалыматты “Жарыялар” бөлүмүнөн алса болот.
Документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылары эскертилди.
Транспорттук жана башка чыгымдарды стипендиялык программанын катышуучулары өз алдынча каржылайт.
Россия борбор азиялык студенттер үчүн квоталарды көбөйттү