Жаңы машыктыруучу Кыргызстандын футболчулары кандай стилде ойной турганын айтты

Быйылкы Азия кубогуна бийик максаттар коюлганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы машыктыруучусу Штефан Таркович команданын ойноо стили кандай болору туурасында айтты.
Ал билдиргендей, чабуул менен коргонуунун балансы болушу керек, машыктыруучу штаб өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кураманын соңку жети оюнун көрүп чыккан.
"Эң негизги принцип — күчтүү командалык дух, өз ара ишеним, сый-урмат жана тартип. Мен күчтүү тараптарын, соккулардын сапатын жана башка аспектилерди күчөтүүгө аракет кылам. Жалпысынан алганда жумуш көп, биз кошумчалай турган нерселер арбын", — деди башкы машыктыруучу.
Ошондой эле ал Кыргызстан 2019-жылы Азия кубогунун 1/8 финалына чейин жеткенин, быйыл андан да бийик максаттар коюлганын белгиледи. Таркович тайпадагы атаандаштары Сауд Арабия, Оман жана Таиландды мактап, күчтүү команда деп атады.
"Турнирге биздеги мүмкүнчүлүктөрдүн болушунча бар күчүбүздү жумшап даярданабыз", — деди Таркович.
Словакиялык адис 2024-жылдын июнуна чейин түзүлгөн келишимди улантуу мүмкүнчүлүгүн да четке каккан жок.
Кыргызстандын футбол командасынын Азия кубогундагы расписаниеси