Сел жүрүшү мүмкүн! Кыргызгидрометтин эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 24-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
23-24-майга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Кар күрткүсү пайда болуп жолдорго муз тоңот.
Автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык кыймылы чектелиши зарыл.
Жаанчыл болобу? Жалал-Абаддын 28-майга чейинки аба ырайы