Радио

Адыранов: тасмадагы түстөр адамдын аң-сезимине билинбей таасир этет

Тасмага түс берүүчү (колорист) Амантур Адыранов толук метраждуу тасмага өң берүү үчүн эң аз дегенде эки жума убакыт керектигин айтты.
Sputnik
Кинодогу түстөр көрүүчүнүн аң-сезимине билинбей таасир берерин Амантур Адыранов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кадрдагы кызыл жана сары өңдөр көрөрманга жылуу сезим тартуулайт.
"Тасмадагы түстөр адамдын аң-сезимине билинбегени менен абдан чоң таасир этет. Мисалы, кадрдагы кызыл жана сары өң жылуулук атмосферасын берет. Каармандын коопсуз абалда экенин сездирет. Түстөрдүн ар бир кадрда алмашып жатканын айрым көрүүчүлөр байкабай калышы мүмкүн. Монтаж учурунда да режиссер жана оператор ар бир сахнанын кандай көрүнүшү керектиги боюнча айтышат. Биз ошого жараша кадрларды кооздоп, көркүнө чыгарууга аракет кылабыз. Бирок бардык эле тасмаларда өңдөр каармандын жана окуянын негизине жараша өзгөрүп турат. Толук метраждуу тасмага түс берүү үчүн эки жумадан бир айга чейинки убакыт керектелет", — деди Адыранов.
Ал өлкөдө киного түс берүүчүлөрдүн саны абдан эле аз экенин кошумчалады.