Радио

Финансы министрлиги фондулук биржа аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарат

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү улуттук финансы рыногун өнүктүрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты жаратууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Sputnik
Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын соода аянты аркылуу 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жана эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун негизги максаты — биржада мамлекеттик баалуу кагаздар секторун өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу.
"Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын соода аянты аркылуу 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жана эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизип жатат. Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун негизги максаты — биржада мамлекеттик баалуу кагаздар секторун өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу. Бул сектордун өнүгүшү улуттук финансы рыногунун деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болот. Ар бир адам баалуу кагаздарды сатып алып, келечегине инвестиция кылса болот", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис өкмөт жарандардын мамлекеттик баалуу кагаздарга салган каражаттарына толук кепилдик берерин кошумчалады.