Пресс-борбор

ЕАЭБде ишкерлерди колдоого багытталган долбоорлор иштелип жатат

Видео көпүрө июнда Сочиде өтө турган КМШ менен ЕАЭБдин Жаштар форумуна арналды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. ЕАЭБдеги ишкерлерди колдоо боюнча долбоорлор иштелип жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБдеги жаштар арасындагы ишкерликти өнүктүрүү" аттуу видео көпүрөгө катышты.
Ага ЕЭК бизнести өнүктүрүү үчүн жаштарга эмнелерди сунуштай турганы жөнүндө суроо берген.
Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков
Турусбеков жаштар арасындагы ишкерликтин өнүгүшүнө финансылык инфраструктуранын анча өнүкпөгөнү жана бирдиктүү долбоорлордун толук кандуу колдоого алынбашы себеп болуп жатканын белгиледи.
"Комиссия ЕАЭБде бирдиктүү ишканалардын ачылышына мотивация берүү үчүн жаңы нерселерди ойлонуштуруп жатат. Быйыл өндүрүш кооперациялары боюнча долбоорлорду финансылык жактан колдоо боюнча "пилоттук" иш жаңы этапка чыкты", — деди Турусбеков.
Анын айтымына караганда, кеп төмөнкү нерселер боюнча болуп жатат:
Эң аз дегенде үч мамлекетте беш жыл ичинде өндүрүш долбоорлорунун пайыздык чендерин субсидиялоо. Демилге ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары тарабынан колдоого алынды;
ЕАЭБ саммитинде бирдиктүү кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизмин бекитүү пландалууда.
Белгилей кетсек, видео көпүрө июнда Сочиде өтө турган КМШ менен ЕАЭБдин Жаштар форумуна арналган. Иш-чарага бизнесмендер, мамлекеттик ишкерлер, студенттер катышат. Форумдун максаты — ЕАЭБ мамлекеттеринде жаштар арасындагы ишкердикти өнүктүрүү үчүн чечимдерди кабыл алуу.
Радио
Мукаев: 29-майда ЕАЭБ күнү белгиленет