Радио

Шатманов: 1000 сом уурдаган киши да 40-100 саат коомдук ишке тартылышы керек

Адвокат Куватбек Шатманов уурдоо, тоноо жана каракчылык кылмыштарына берилчү жазалардын бири-биринен айырмачылыктарын айтып берди.
Sputnik
Бир эле буюм уурдоо болсо башкача жаза, каракчылыкка же тоноого башкача айыпталып, тагыраагы, кылмыштын түрүнө карата жаза көрүлөт. Айталы, жаран уюлдук телефонун жоготкондугу тууралуу арыз жазса, алгач ал уурдалдыбы, тоноп кетиштиби же каракчылык болдубу, аныктоо керек. Бул тууралуу Куватбек Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жактоочунун айтымында, Жазык кодексине ылайык, жоголгон буюм 1000 сомдон өйдө турган учурда жабырлануучунун арызы кабыл алынат.
"Көпчүлүк жарандар материалдык жактан өтө кымбат эмес буюмун жоготкондо милицияга кайрылбай коюшат. Бул туура эмес. Мыйзам боюнча, буюмдун наркы 1000 сом турса участкалык милиция жарандын арызын алып, аны Бирдиктүү реестрге каттоого милдеттүү. 1000 сомдон 10 000 сомго чейинки буюмдун уурдалышы боюнча арыз келип түшүп, уурулуктун болгону аныкталган учурда (алган киши табылса - ред.) 100 сомду көрсөткүч бирдиги деп ала турган болсок, анда 200-500 көрсөткүч суммасында айып пул төлөп берүүгө милдеттендирилет. Болбосо ууру 40-100 саат коомдук ишке тартылат. Ал эми 10 000 сомдон жогорку буюм уурдалган учурда 500-1000 көрсөткүчтө төлөп берүү же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ири өлчөмдө, тактап айтканда, 1 миллион сомдон көп суммада уурулук жасалганда 1000-2000 көрсөткүчтө төлөп берүү же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу чечими чыгат. Өзгөчө ири өлчөмдө бул 2,5 миллион сомдон жогорку жана кылмыштуу уюм тарабынан жасалган уурулуктар далилденген маалда мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейин абакка киргизилет. Мындан сырткары, уурулуктун кайсы жерде, кандай шартта болгону, жалгыз адамбы же адамдар топтошуп алып жасалганбы, ушул жана башка фактылары өтө маанилүү. Мисалы, коомдук жайда жасалган уурулукка караганда жеке аймагына кирип, айталы, автоунаасынан же үйүнөн уурдап кетсе жазасы катуурак болот", — деди Шатманов.
Жактоочу ошондой эле жашыруун эмес жасалып, бирок денеге зыян келтирбеген учурда тоноо катары эсептелсе, адамдын саламаттыгына зыян алып келип буюмун тартып алуу каракчылыкка кирерин кошумчалады.