Быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын кантип билсе болот

Министрликтин маалымат кызматынан жыйынтыкты кантип билүү туурасында айтып беришти.
Sputnik
Кыргызстанда кезектеги Жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин белгиленген.
ЖРТ жыйынтыгы бир айдын ичинде так билинет да, сертификаттарга жазылат. Эгерде окуучу 11-классты бүтөрү менен тапшырса, анын жыйынтыгы Райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлөт.
ЖРТ абитуриенттерге жогорку окуу жайга өтүү үчүн өткөрүлөт. Эгерде бала аталган тесттен өтпөй калса, быйыл кайра эле ноябрда экинчи ирет тапшырса болот.
2022-жылдагы ЖРТ жыйынтыгы:
Жалпы 50 154 окуучу тапшырган;
Эң жогорку жыйынтык 235 балл болгон;
Орточо жыйынтык 124,4 балл болгон;
Эң аз жыйынтык 20 балл болгон;
"Алтын сертификаттардын" саны — 57.
Былтыр негизги тесттен босого балл — 110, ал эми предметтик тесттики 60 балл деп бекитилген.
Босого балл боюнча маалыматтар жыл сайын бардык катышуучулардын тапшырган тестинин жыйынтыгы менен аныкталат.
Радио
Быйыл 47 миӊден ашуун абитуриент ЖРТга катышат