БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19...+24, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл чөлкөмүндө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22, ал эми Ошто +25...+27 градус болот.