Жарым миң кыргызстандык "КамАЗ" концернине ишке орношу мүмкүн

Жолугушууда кызматташуу, автоконцернге ишке орноштуруу, ага чейин зарыл болгон адистикке окутуп, даярдоо туурасында кеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандын 500гө чукул жараны Россияда "КамАЗ" концернине ишке орношу мүмкүн. Бул маселе эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин аталган концерндин директорунун орун басары Жанна Халиуллина менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы Базарбаевдин Набережные Челны шаарындагы "КамАЗ" концернине барганын кабарлады. Жолугушууда жетекчилер кызматташууну талкуулап, автоконцернге ишке орноштурууну, ага чейин зарыл болгон адистикке окутуп, даярдоо туурасында сүйлөшкөн.
Анда миграциялык агымды Кыргызстандын квалификациялуу жумушчу күчтөрү менен да жөнгө салуу жана жумушка уюштурулган системада алуу белгиленген.
"Тараптар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен "КамАЗ" концернинин ортосунда кызматташуу жана Кыргызстандын 500 жаранын сынамык долбоорго кабыл алууну талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Базарбаев министрлик кесипкөйлүккө окутуу жана кесипке багыт берүүгө, өзгөчө муну жаштар арасында тереңдетүүгө олуттуу көңүл буруп келгенин белгилеген. Быйылкы жылдын январь-апрель айларында ишке орноштуруу кызматы тарабынан 2000ге чукул адам окутулганын кошумчалаган.
Кыргызстандыктар Россиянын өзгөчө экономикалык аймактарында иштей алышат