Психолог кандай адам жалгыздыктан коркорун түшүндүрдү

Адистин айтымында, жалгыздык сезимине көпчүлүк учурда аял киши туш болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жалгыздык — бул жаныңда жакын адамдардын жоктугу эмес, бул кишинин өзүн-өзү сүйбөстүгү. Мындай пикирин психолог Михаил Лабковский "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде айтты.
"Өзүн жакшы таанып-билбеген, жашоодон өз алдынча ырахат ала албаган адамдар жалгыздык азабын тартып жашашат. Мындай кишилер жалгыз калуудан коркуп, өмүр бою аны сыйлабаган, сатып кеткен, эсептешпеген адамдар менен деле чогуу жашап, дос болуп жүрө бериши мүмкүн", — деди адис.
Анын айтымында, бул сезимге көпчүлүк учурда аял киши туш болот.
"Анткени коомдо "жалгыз өтүп кетесиңби?", "балалуу болушуң керек", "карып баратасың" деген сындар көп айтылат. Мындан улам кыз-келиндер эптеп бирөөнүн этегине жабышып жашоону туура көрүшөт. Өзүнүн каалоосу, кыялы унутта калып, ар дайым бирөөнүн "көлөкөсү" болуп жашашат", — дейт психолог.
Андыктан Лабковский эң алгач адам өзүн сүйүп, жан дүйнөсүн тыңшап, жашоодо өз ордун сөзсүз кимдир бирөө менен чогуу эмес, алгач өз алдынча таап алуу туура экенин эскертет.
Радио
Психолог: үйүндө атмосфера жылуу болбогон киши жумушта ачуулуу болот