Жаанчыл болобу? Жалал-Абаддын 28-майга чейинки аба ырайы

Бийик тоолуу райондордо кар жааганына байланыштуу жолдор тайгак болот деп божомолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги эмки жумада Жалал-Абад облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
Маалыматка караганда, апта бою жер-жерлерде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 22-23-майда секундасына 15-20 метрге жетет.
Кишилерди ак жерден күйгүзүп... УКМК милиция кызматкерлерин кармаганын билдирди