Радио

ӨКМ өкүлү: көпүрөдөн сууга баш менен секиргенди токтотуу зарыл

Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук ӨКМинин улук лейтенанты Байсал Аспек уулу сууга түшүү эрежелерин айтып берди.
Sputnik
Ар бир ата-эне жоопкерчиликти сезип, балдарын сууга түшкөнгө өз алдынча жибербеш керек. Бул тууралуу Байсал Аспек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарды көлмөгө барган кезде улуу кишилер көзөмөлдөп турушу шарт.
"Ысык-Ата районунда башка аймактарга салыштырмалуу сууга түшө турган жерлер көп, бул боюнча эрежелерди жыл бою түшүндүрүп келебиз. Андан сырткары кооптуу аймактарга белгилерди жайгаштырабыз. Бирок айрым окуучулар эскертүү тактайчаларын жулуп кеткен учурлар да катталды. Балдарды көзөмөлү жок сууга түшкөнгө эч качан жибербеш керек. Анткени алар кайсы аймактагы көлмөлөр балырлуу же таштак экенин билишпейт. Чөгүп кеткен учур бала өзү жалгыз, ата-энеси жанында болбогон кезде көбүрөөк катталат. Бизде агын суулар көп болгондуктан сууга кирерде денени алгач муздак сууга көндүрүп алган маанилүү. Ошондой эле көпүрөдөн баш менен секиргенди токтотуш керек", — деди Аспек уулу.
ӨКМдин өкүлү ар бир жаранды сууга түшүүгө тыюу салынган белгилерге баш ийгенге чакырды.