БИШКЕК, 22-май — Sputnik. "Тойбосс" соода маркасындагы "Адал-Азык" компаниясынын колбасаларынын ветеринардык-санитардык корутундусу Ветеринардык кызмат тарабынан берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мыйзам бузуунун булагын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын бардыгы чочко ДНКсы боюнча терс жыйынтыкты көрсөткөнү айтылды.
Даяр эт азыктарынан, колбаса кошулмаларынын компоненттеринен үлгүлөр төмөндөгү кызматтарга жиберилген:
Бишкек шаарынын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору;
Россиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясына (ФГБУ "Иркутск МВЛ");
Казакстандын "Эркин Талгам" ЖЧКсынын Сыноо лабораториясы;
"Нутритест" ЖШС, Алматы.
Белгилей кетсек, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирген. Бирок аны өндүргөн "Тойбосс" компаниясы маалыматты четке кагып келет.