СССР менен АКШнын башчыларынын тарыхый жолугушуусу. Видео

Брежнев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өзүнүн тыянагын чыгарып, пикирин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май – Sputnik. АКШнын президенти Ричард Никсон СССРге боло турган сапарынын алдында журналисттерге “карьерасындагы өтө чыңалуу менен өтө турган сүйлөшүүлөргө” даяр экендигин айткан. Бул туурасында жазган Sputnik Ближнее зарубежье тарыхый видеону жарыялады.
Ал эми Леонид Брежнев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өзүнүн тыянагын чыгарып, оң пикирин билдирген.
“Никсон менен сүйлөшүп, иш алып барууга болот”, – деген ал 1972-жылдын 22- майында.
СССР менен АКШнын лидерлери страгетиялык куралданууну кыскартуу, ракетага каршы коргонуу системасын чектөө боюнча макулдашып, эки державанын өз ара мамилелери боюнча саясий декларацияга кол коюшкан.
Андан бери бир топ жыл агылды, коом өзгөрдү, кол коюлган эки документ тең азыр жараксыз.
Саммиттен эстелик катарында КПССтин Борбордук комитетинин башкы катчысы белек кылып суу астындагы канаты бар кайык тапшырган.
Ал эми Никсон Брежневге 1972-жылдагы седан Cadillac автоунаасын белек кылган.
Путин менен Байден жолукту. Видео