Кыргызстандыктар Россиянын өзгөчө экономикалык аймактарында иштей алышат

Елабуга шаарындагы өзгөчө экономикалык аймак КМШ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттарын тартууга багытталган бир катар долбоорлорду иштеп чыгууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандыктарга Татарстандын (Россия) "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында (ӨЭА) мыйзамдуу түрдө иштешине мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

Кыргызстандыктарга Татарстандын (Россия) "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында (ӨЭА) мыйзамдуу түрдө иштешине мүмкүнчүлүк түзүлдү

2 / 4

Тиешелүү макулдашууга Россияда ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен "Алабуга" ӨЭАнын башкы директору Тимур Шагивалеев кол койгон

3 / 4

Бул боюнча Кыргызстан тараптан аталган министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору иш алып бармакчы

4 / 4

"Алабуга" өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги атайын экономикалык аймак Елабуга шаарында жайгашкан, Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча бир нече жолу Европадагы эң мыкты атайын экономикалык аймак катары таанылган.

Тиешелүү макулдашууга Россияда ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен "Алабуга" ӨЭАнын башкы директору Тимур Шагивалеев кол койгон.
Бул боюнча Кыргызстан тараптан аталган министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору иш алып бармакчы.
"Кыргызстандын ичинде да, анын сыртында да мыйзамдуу ишке орноштуруу биздин министрликтин негизги милдети. Кыргызстандыктар жумуш таап жатканда алардын эмгек укуктары жана социалдык кепилдиктери бузулбасына ишениши керек. Бүгүнкү келишим мекендештерибиз мыйзамдуу иштеп, маянасын өз убагында алып, социалдык пакетке ээ болгон бир катар мамлекеттерди толуктайт", — деп белгилеген Базарбаев.
"Алабуга" өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги атайын экономикалык аймак Елабуга шаарында жайгашкан, Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча бир нече жолу Европадагы эң мыкты атайын экономикалык аймак катары таанылган.
"Алабуга" ӨЭАнын негизги приоритеттүү багыттары — технологиялык ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү.
Учурда "Алабуга" ӨЭА КМШ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттарын тартууга багытталган бир катар долбоорлорду иштеп чыгууда.
Минниханов ЕАЭБге түндүк-түштүк транспорттук коридору эмне берерин түшүндүрдү