Радио

Усупбаев: кыргызстандык урологдордун деңгээли жогору бааланат

Улуттук госпиталдын Урология боюнча республикалык илимий борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев медицинада илимий борборлор көбөйгөндө гана илимий изилдөөлөрдүн саны өсүп, мыкты адистер чыгарын айтты.
Sputnik
Кыргызстандык урологдордун деңгээли жогору бааланат. Бирок тажрыйба алмашууга көңүл буруп, жаңы технологиялардан артта калбай, илимий жаңылыктарга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруу кажет. Бул тууралуу Акылбек Усупбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, оор операцияларды жасатууга бейтаптарды чет өлкөгө жибербей, кыргызстандык адистер гана карай турчу деңгээлге жетүү керек.
"Кыргызстандык урологдордун деңгээли жогору бааланат. Бирок тажрыйба алмашууга көңүл буруп, жаңы технологиялардан артта калбай, илимий жаңылыктарга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруу кажет. Урологиялык ооруларды айыктыруу үчүн бүгүнкү күндө жаңы технологияларды колдонуу менен операциялар жасалууда. Мисалы, буга чейин эндоскопиялык, лапороскопиялык, лазердик операциялар жасалбай келсе, учурда мындай тажрыйба кеңири колдонулуп калды. Албетте, өкмөт тараптан шарт түзүлүп берилсе, жакшы жыйынтыктарга жетебиз. Оор операцияларды жасатууга бейтаптарды чет өлкөгө жибербей, кыргызстандык адистер гана карай турчу деңгээлге жетүү керек. Бул адистердин кесипкөйлүүлүгүнөн жана түзүлгөн шартка жараша болот. Буга чейин илимий борборлорду жабуу аракеттери да болду. Мындайды караңгылык деп атоого болот. Алар жок илимий изилдөөлөр, мыкты адистер кантип чыгат?", — деди Усупбаев.
Ошондой эле адис учурда медициналык билим берүү совет мезгилине салыштырмалуу төмөндөп, көбү жаңы технологияларга ыктап, илим жагы аксап жаткандыгын кошумчалады.