БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасынын "Кайтпас" жана "Өтүкчү" көзөмөл-өткөрүү пунктуларында иштегендер пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган бекеттерге тинтүү иштерин жүргүзгөндө акчалар кыргыз жана өзбек валютасында — сом жана сум түрүндө табылган. Каражаттарга алдын ала "пара" белгиси коюлган, муну менен чек арачылар опузалап акча талап кылгандыгы тастыкталган.
Алар жарандарды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө 50дөн 1000 сомго чейин акча беришин талап кылышкан. Андан баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй, талаптарына баш ийүүгө мажбур кылышкан.
Учурда Чек ара кызматынын төрт аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.