ИА менен Политехникалык университет Акаевдин лекциясы тууралуу кабарды четке какты

Аскар Акаев жана анын жубайынын эки жерде лекция окуй турганы боюнча маалымат 20-майда тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга мурдагы президент Аскар Акаевдин аталган академияга лекция окуй турганы боюнча маалыматты четке какты.
"Бул боюнча биздин маалыматыбыз жок, жетекчилик да билбейт", — деп айтты маалымат кызматынан.
Ал эми Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (КМТУ) маалымат кызматы Акаевдин лекциясы боюнча студенттерге маалымат айтылбагандыгын билдирди.
Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте лекция окуй турганы боюнча маалымат 20-майда тараган.
Ал эми 21-майда студенттердин биринин КМТУда билим алып жаткандардын көбү Акаевдин лекциясына каршы экени боюнча билдирүүсү тараган.
"Мага жана биздин муунга Аскар Акаев — коррупциянын, уурулуктун, кыйроонун жана саткынчылыктын символу. Көпчүлүк студенттер бул ойго кошулат деген пикирдемин. Анын келечегин уурдаган жаш муундун алдында лекция окуу каалоосун шылдыңдоо катары кабыл алам", — деп жазган студент Элхан Алыбаев.
Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча сурак берүүгө келип кеткен. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча чечимди өкмөткө ишенип кабыл алып бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Жапаров экс-президенттерди кандай максатта чогулткан? Маалымат катчысынын жообу