Экөө терезеден ыргып кеткен: Бишкекте маршрутка менен автоунаанын кагышкан видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Борбор калаада эл ташыган кичи автобус менен Hyundai Sonata жеңил автокөлүгү кагышкан.
Жол кырсыгы бүгүн Жогорку Жал кичи районунда болгон. Кадрлардан кырсык болгон учурда маршрутканын терезесинен эки кишинин ыргып кеткенин көрүүгө болот.
Кайгуул милициясынан бул автокырсыктан төрт адам – кичи автобустун айдоочусу жана үч жүргүнчү жабыркагандыгын айтышты.
Токмокто үч баласы менен аялды машина коюп кетти