БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ереван таанууга даяр болгон Азербайжандын аймагына Тоолуу Карабах дагы кирет. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян маалымат жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Баягы 86,6 миң чарчы чакырымдык жерге Тоолуу Карабах дагы кирет. Бирок Тоолуу Карабахтагы армяндардын укуктары менен коопсуздугу боюнча маселе Баку — Степанакерт форматында талкууланышы керек", — деди ал.
Пашинян ошондой эле Азербайжан менен тынчтык келишимин эртерээк макулдашууга үмүт кылып турганын, бирок 25-май күнү Ильхам Алиев менен Москвада жолукканда бул документке кол коюларынан күмөн санап жатканын айтты.
Пашинян өткөн жумада Армения менен Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн советтик административдик чек ара чегинде өз ара таануу жөнүндө айтып чыккан. Ал белгилегендей, Баку Армениянын 29,8 миң чарчы чакырымдык аймагын, Ереван Азербайжандын 86,6 миң чарчы чакырымдык жерин тааныган. Бирок Пашиянын Карабахтагы этникалык армяндарды тазалоо саясаты жүрбөйт деген кепилдик керек экенин белгилеген.
Эске салсак, Тоолуу Карабактагы кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуган. Армения менен Азербайжан аскерлери дароо эле куралдык тирешүүгө өткөн. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келет.
2020-жылдын ноябрь айында Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген. Келишимге ылайык, Армения Азербайжанга Кельбаджар, Агдам, Лачын райондорун өткөрүп берген. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору Арменияда калган. Тоолуу Карабахтын жана Лачын коридорунун чет жакаларында атайын техника менен Россиянын тынчтык орнотуучулары жайгашкан. Ал эми өткөн жылы Армения менен Азербайжан Россия, АКШ жана Европа биримдигинин ортомчулугу менен тынчтык келишими тууралуу талкууга киришкен.